Атамбаев: Кыйын кезде Ак үйдө мен жүргөм

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев милиция кызматкерлерине 1-ноябрдагы кесиптик майрамын утурлай жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Аталган иш-чарада президент милициянын катарын таза эмес иштегендерден тазалоону убада кылды. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сындап, Конституцияны реформалоонун зарылдыгына токтолду. Милиция кызматкерлерине берилген бул үйлөр быйыл январда курулуп башталган. Анда 207 батир бар. Анын курулушуна 437,9 миллион сом сарпталган.