Милиция кызматкерлерине үй берилди

Бүгүн, 31-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн салынган үйлөрдүн ачкычтарын ээлерине тапшырды. Бишкектин Ленин районунда жайгашкан көп кабаттуу үч турак-жайдын курулушу быйыл январда башталган. Ага мамлекеттен 437,9 миллион сом бөлүнгөн. Үйлөрдүн бири 72, экинчиси 81, үчүнчүсү 54 батирлүү. Жалпысынан 200дөн ашуун кызматкер үй алды. Президент балдар аянтчасына керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн ИИМге 300 миң сомдук сертификат тапшырды. (NT)