"Өнүгүү-Прогресс" президенттик шайлоодо өз талапкерин көрсөтөт

Партия лидери Бакыт Төрөбаев.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясы 2017-жылдагы президенттик шайлоодо өз талапкерин көрсөтөт. Бул тууралуу партиянын Бишкекте өтүп жаткан курултайында анын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев билдирди:

- Ар бир саясатчы шайлоонун алдында төш кагып, “мен деле президент боло алам” деп кыйкырганы туура эмес. Мамлекет башчысы өлкөнүн кандай болушу керектигин жана жакынкы 10-20 жылда кандай багытта кетиши керектигин так билиши зарыл. Мындай сапаттар ар бир адамга эле таандык эмес.

Төрөбаев өз партиясы алдыдагы президенттик шайлоодо четте калбай турганын, эгер талапкер көрсөтүлбөй калган учурда, башка татыктуу талапкерди колдорун кошумчалады.

“Өнүгүү-Прогресс” бүгүн бешинчи курултайын өткөрүп, буга чейин аткарылган иштерди, азыркы коомдук-саясий абалды талкуулап жатат. Партия былтыркы парламенттик шайлоодо 13 мандат алган. (NT)