Сөөк ашуусунда Үркүн курмандыктары эскерилди

Автожүрүш катышуучулары Сөөк ашуусунда.

29-октябрда "Үркүндүн изи менен" деп аталган автожүрүш өттү. Анын катышуучулары Ысык-Көл облусундагы деңиз денгээлинен 4 миң метр бийиктеги Сөөк ашуусуна машине жол түгөнгөн жерге чейин чыгышып, 1916-жылдагы кандуу окуяларда курман болгондорду эскерип куран окушту.

Он эки адамдан турган автожүрүш катышуучуларынын курамына журналисттер, жарандык активисттер кирген.

Быйыл Орусия падышачылыгынын үстөмдүгүнө каршы Улуттук көтөрүлүш – Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленүүдө. (NT)