“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалын “Азаттыктын” тасмаcы ачат

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалынын 2014-жылкы ачылышы учуру.

Адам укуктарына арналган эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалын “Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Акылбекованын “Мен айткандан коркпойм” тасмасы ачат. Сынактан тыш көрсөтүлүп жаткан бул фильм өспүрүмдөргө көрсөтүлгөн зомбулукту баяндайт.

Баш каарманды агасы он беш жашында зордуктап, төрт жылкы күрөштөн кийин ал акыйкаттыкка жетет. Ал мындай жагдайга кабылган кыздарга коомчулуктун мамилеси, зордук-зомбулуктан кийинки абал тууралуу айтып берет. Фильмдин каарманы жүзүн ачык көрсөтүп, башка кыздарды да мындай окуяларды жашырбоого чакырат.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалында Кыргызстанда жана чет элде тартылган 19 тасма көрсөтүлөт. Анын төртөөнү “Азаттыктын” кабарчылары даярдашкан.

Фестиваль 31-октябрдан 4-ноябрга чейин Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өтүп, фильмдер акысыз сунушталат. (SE)