Италияда катуу жер титирөө болду

Италия. 26-октябрдагы жер титирөөнүн кесепети.

Италияда бүгүн эртен менен катуу жер титирөө болду. Силкинүүнүн күчү очогунда 6,6 баллга жеткени кабарланууда.

Эпицентри Перуджи шаарынан түштүк-чыгыш тарапта катталды.

Көптөгөн имараттар кыйрады, каза болгондор тууралуу маалымат түшө элек. Ондогон тургун жараат алганы айтылууда.

Жердин титиреши борбор шаар Римде да сезилди.

Быйыл август айында Италияда 300гө жакын адамдын өмүрүн алган жер титирөөдөн бир нече эски шаар кыйраган.

26-октябрда Перуджиден 68 чакырым аралыкта 5-6 баллдык силкинүү катталып, бир нече өмүр кыйылган.RK)