31-октябрда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Тоолордогу автожолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Баткенде түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3 , күндүз 9…14;
Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;
Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 16...18.