Ак-Талаада көмүргө байланыштуу митинг уланууда

Нарындын Ак-Талаа районунда көмүргө байланыштуу кечээ башталган нааразылык акциясы бүгүн да уланууда. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ушу тапта Баетов айылынын борборунда 200 чамалуу адам чогулуп турат.

Алар бийликтен Турук көмүр кенин иштетүү укугун кайрадан "Кенч Строй" компаниясына берүүнү талап кылууда. Себеби, чогулгандардын айтымында, "Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Камчыбек Жолдошбаевге таандык деген "Сардар" компаниясынын айынан Ак-Талаа районундагы 2200дөй түтүндүн жарымынан көбү көмүрсүз калууда".

Митингчилердин кабарлашынча, бул ишкана техниканын эскилигине жана жолдун начардыгына байланыштуу көмүр казып алууну токтотконун жарыялаган.

Буга чейин аталган компания Ак-Талааны көмүр менен 100% камсыз кылып келген. Жергиликтүү тургундарга бир тоннасы 2,5 миң сомдон сатылчу. Эми алар Кара-Кече же башка жактан сатып ала турган болсо тоннасы 5 миң сомдон айланары айтылууда.

Митингчилердин белгилешинче, ага чейин Турукта көмүр казып жаткан «Кенч Строй» ишканасынан "лицензия мыйзамсыз алынган, буга анын жетекчиси Кылыч Ысамамбетовдун былтыр парламенттик шайлоодо "Ата-Мекен" партиясынан талапкер болгону себеп".

Жергиликтүү бийлик органдары азырынча Ак-Талаадагы талаптар боюнча комментарий бере элек.

Ал эми геология боюнча мамлекеттик агенттик нааразылык уюштургандардын талабы мыйзамсыз экенин билдирди. (MiK)