Сербиянын өкмөт башчысы коопсуз жайга которулду

Александр Вучич

Сербиянын премьер-министри Александр Вучич жашаган үйдүн жанынан курал-жарак табылганына байланыштуу ал үй-бүлөсү менен коопсуз жайга которулду. Полициянын айтуусунда, борбор шаар Белградда өкмөт башчынын үйүнөн алыс эмес жерде бак-дарактардын арасынан гранатомет, кол гранаталары жана октолгон снайпердик мылтыктар табылган.

Серб ички иштер министри Небойша Стефанович өкмөт башчы буга чейин да бутага алынган учур катталганын айтып, бирок ал тууралуу так маалымат берген жок.

Вучич премьер-министрлик кызматка 2014-жылы дайындалган. Учурда Сербия Европа Биримдигине мүчө болууга аракет көрүүдө. (RK)