Клинтон ФБРдин жаңы иликтөөсү тууралуу маалыматты ачык жарыялоону талап кылды

Хиллари Клинтон

АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун шайлоо штабы Федералдык иликтөө бюросунун Клинтондун электродук кат алмашуусу боюнча иликтөө тууралуу маалыматты жарыялоо чечимин сынга алды. Штабдын башчысы Жон Подеста ФБР бул иш боюнча жаңы иликтөө тууралуу америкалыктарга толук маалымат берүүгө милдеттүү экенин айтты.

Хиллари Клинтон жаңы иликтөө тууралуу пайда болуп жаткан сөздөрдү ушак деп атаган болчу:

- Силер билесиңер, ушундай сөздөр айтылып жатат. Биз эмнеге ишениш керек экенин билбей калдык. Бирок көбү ушак сөз.

Хиллари Клинтон президенттикке демократтардан талапкер катары ат салышууда. Ал мурда АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турганда ишинде жеке электрондук дарегин колдонгон деп айыпталып, кийин бул боюнча жүргүзүлгөн иликтөө анын күнөөсү жок деген бүтүм чыгарган болчу. (RK)