Тажикстанда электр энергиясынын жапырт өчүшүнүн себептери иликтене баштады. Мамлекеттик «Барки точик» энергохолдингинен "Азаттык" радиосунун тажик кызматына бүгүн кабарлашканадай, иликтөөнү атайын мамлекеттик комиссия жүргүзөт.
Жума, 28-октябрда кечки саат жетиге жакын республиканын дээрлик бардык аймактары электр жарыгысыз калган. Энергия үч сааттан кийин гана берилген.
Окуяга, алдын ала маалыматтарга караганда, энергетика системасындагы айрым мүчүлүштүктөр себеп болгон. (RK)