Өмүркулов өкмөт отставкага кетерин билдирди

Иса Өмүркулов

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарагандан соң өкмөт отставкага кетет. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирип, бул Баш мыйзамдын талабы экенин айтты:

- Өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Өкмөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жаңы куралган коалиция өкмөттү түзөт. Андан соң программа жана өкмөт курамы кайра бекитилет.

КСДП “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен орток пикир таппай калгандыктан, коалициядан чыгып жатканы бүгүн маалымдалды. (SE)