Бишкектеги жаңы конуштарга газ бериле баштады

Газ чарбасы.

Көк-Жар жаңы конушуна газ берилгенине байланыштуу 20-октябрда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышты. Премьер-министр “Газпром” ишканасы менен чогуу Бишкек шаарынын жана башка бардык аймактарга, анын ичинде алыскы калктуу конуштарга газ жеткирилерин ырастады.

Жээнбеков «Газпром» компаниясы менен кызматташуунун натыйжасында газ тармагынын өнүгүшү, өлкөдөгү энергетикалык коопсуздук камсыз кылууга шарт түзөрүн белгиледи.

Жаңы конушка газ берүү салтанатына “Газпром” ишканасынын башкармалык кеңешинин төрагасы Алексей Миллер катышты.

“Газпром Кыргызстан” ишканасы 2017-жылдын аягына чейин Бишкектеги 22 жаңы конушка жана Мыкан айылына "көгүлтүр от" киргизилет деп убада кылган.(ZKo)