Алепподо Орусия жарыялаган “гуманитардык тыныгуу” күчкө кирди

Алеппонун козголоңчулар карамагындагы бөлүгү. 19-октябрь, 2016-жыл.

Жайкын тургундар жана козголоңчу согушкерлер шаардан чыгып кетүүсү үчүн мүмкүндүк деп аталган “гуманитардык тыныгуу” жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен сегизден тарта башталды.

Москва бул кечки саат жетиге чейин созуларын билдирип, балким андан ары да узартылышы мүмкүндүгүн ишара кылууда.

Эки күн мурда Орусия өзүнүн жана Сириянын аскерий учактарынын аба соккулары токтотулганын жарыялаган.

Сирия армиясынын ырастоосунда, алар шаардан чыгып кетүүнү каалагандар үчүн “коопсуздук коридорлорун” ачышты.

Бирок, экиге бөлүнүп калган шаардын майдан тилкесинде козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда кагылышуу да чыгып, бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптады.

Сириянын Орусия колдогон өкмөттүк күчтөрү Алеппонун козголоңчулар карамагындагы бөлүгүнө чабуулду өткөн айда баштаган.

"Алепподо болуп жаткандар согуш кылмышы”, -деп билдирди кечээ кечинде Берлинде Орусия жана Германия лидерлери менен сүйлөшүүлөрдөн соң француз президенти Франсуа Олланд.

Немец канцлери Ангела Меркел да бомба чабуулдарын айыптап, аны “адамгерчиликсиз” иш катары баалады.

Орус президенти Путин өлкөсүнүн дарегине айтылган мындай айыптоолорду буга чейин четке кагып, Сириядагы реалдуулукту эске албаган “риторика” деп мүнөздөгөн. (UE)