Атамбаев Өзбекстандагы тик учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө тогуз адамдын өмүрүн алган тик учак кырсыгына байланыштуу коңшу өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда "Кыргыз элинин жана жеке өз атыман курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм»,- деп айтылат.

МИ-171 тик учагы 18-октябрда Фергана облусунун Кыргызстан менен чектешкен жеринде кулаган. Андан тогуз адам набыт болгон. Алардын алтоо аскер кызматкерлери, үчөө экипаж мүчөлөрү болгон. Өзбекстандын коргоо министрлиги кырсыкты “кокустан болгон кырсык” деп сыпаттоодо.(BkA)