Инвестиция жана экспортту илгерилетүү боюнча агенттик түзүлдү

Экономика министрлигинин алдында Инвестицияларды жана экспортту жакшыртуу боюнча агенттик түзүлдү. Мындай токтомго премьеp-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул инвестицияларды жана экспортту жакшыртуу, бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана атаандаштыкка туруштук берүү максатын көздөйт.

Буга чейин Экономика министрлигинин алдында Инвестицияларды жакшыртуу боюнча агенттик бар болчу. Эми жаңы чечимге ылайык, аталган агенттикке экспортту жакшыртуу функциясы кошулду.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулган соң экспорт төмөндөп, бул жаатта жакшы иштер аткарылбай жатканы боюнча сын-пикирлер айтылып келген.

Расмий маалымат боюнча, 2015-жылдын алгачкы беш айында салыштырып алганда, экспорт 29,3 пайызга, импорт 8,2 пайызга кыскарган.(BkA)