Аскердеги коррупция кантип тыйылат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы жана башкы прокурорго армиядагы коррупция, мыйзамсыз иштерге каршы күрөштү күчөтүүгө тапшырды. Президенттин мындай тапшырмасы армиядагы бир катар чырлуу иштерден кийин башталды. "Арай көз чарай" талкуусуна Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Закир Тиленов жана коопсуздук, аскер иштери боюнча эксперт, УКМКнын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков катышты.