Нарында Борбор Азия университетинин ачылыш аземи өтүүдө

Нарындагы Борбор Азия университети.

Нарын шаарында Агахан өнүктүрүү фонду курган Борбор Азия университетинин расмий ачылды. Расмий иш-чарага Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Исмаилиттердин башчысы ханзада Агахан IV катышууда.

Агахан IV кечээ президент Алмазбек Атамбаев баш болгон өлкө жетекчилери менен жолукту.

Нарындагы Агахан университети алгачкы студенттерин быйыл кабыл алган. Эл аралык деңгээлдеги университетте бул жылы 71 студент окуусун баштады. Алар Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүнүн жарандары.

Аталган окуу жай Борбор Азия университети катары 2000-жылы негизделген. Бул менчик университетти уюштуруу келишимине жана анын уставына Тажикстандын, Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери жана диний ишмер Агахан кол койгон. Аталган документтер үч республиканын парламенттери тарабынан ратификацияланып, Бириккен Улуттар Уюмунда катталган.(BkA/MiK)