Өспүрүмдү зордуктагандар жазасыз калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кара-Кулжа райондук прокуратурасы 14 жаштагы кызды топтошуп зордуктоого айыпталган үч кишини кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп жиберди. Өспүрүм кыз зордукталгандан кийин көз жарып, наристенин биологиялык атасы белгисиз бойдон калууда. Учурда кордолгон кыз мектепти таштап, айылдан көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Ал жок дегенде 9-классты аяктаганы тууралуу күбөлүктү алууга да үлгүргөн эмес. Кабарчыбыз Ыдырыс Исаков Кара-Кулжага барып, бул окуянын чоо-жайын иликтеп келген.