Жергиликтүү кеңешке шайлоого үгүт өнөктүгү 11-ноябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардык кеңешке талапкерди каттоо 31-октябрга чейин жүргүзүлөт.
Ал эми айылдык кеңештерге каттоо 11-ноябрга чейин болот.
БШК жергиликтүү кеңештерге талапкерлигин койчу жарандарга үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузбоого чакырды.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-декабрга белгиленген. Бул күнү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүү да сунушталууда.(BkA)