Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бул адамдардын укугун коргоо боюнча өлкөнүн дипломатиялык мекемелери көмөктөшүүгө аракет кылууда.
Ал эми башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова чет өлкөдө абакка түшкөн жарандарды экстрадициялоо боюнча арызынын негизинде мекенине алып келүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми ИИМдин малыматы боюнча 2191 кыргыз жаранына эл аралык издөө жарыяланган. Аны ичинен тогуз айда Орусиядан 228 кылмышка шектүү кармалып, өлкөгө алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.(BkA)