Бул тууралуу АКШ президенти Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында билдирди:
-Орусия аскердик кубаттуулугу боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турган күчтүү өлкө. Орусия дүйнөлүк көйгөйлөрдү жаратуунун ордуна, аларды чечүүгө жардам берүүсү тийиш эле.
Обама ошондой эле АКШ эч качан Орусиянын мыйзамдуу кызыкчылыктарына бөгөт болбогонун билдирди. Бирок ал АКШ менен Италия Минск келишимдерин аткармайынча, Орусияга карата санкциялар алынбашын колдоого аларын бекемдеди. “Биз бул үчүн “норманд төрттүгү” менен дипломатиялык иштерди жүргүзүүгө даярбыз”, деди Обама.
Обама ошондой эле АКШ президенттигине Республикачылардын талапкери Дональд Трампты Путиндин алдында кошоматтанып жатат деп айыптады.
Обама менен Ренци сүйлөшүүлөрүн 18-октябрда Акүйдө жүргүздү. Бул Барак Обаманын президенттик кызматындагы акыркы чет мамлекеттик лидерди кабыл алуусу болду.
Барак Обаманын президенттик мөөнөтү 2017-жылы январда аяктайт.