Аталган ишкана мал-жандыктарды идентификациялоо боюнча тендер мыйзамсыз өттү деп эсептөөдө. Компаниянын өкүлү Жакшылык Матановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул тууралуу мурдараак Башкы прокуратурага да арыз берилген. Эми Бишкек шаарындагы райондор аралык сотко кайрылышкан:
-Үчүнчү тендер 5-августта жаңы комиссиянын курамы менен жарыяланган. Бирок, 8-августта мурдагы жокко чыгарылган 2-тендердик комиссия кайрадан пайда болуп, 3-тендерге өзгөртүү киргизген. Ал жерде “ошол сыяктуу иштер менен алектенген тажрыйбасы” деген талапты алып салып, “эки жылдын ичинде эки миллион сомдон кем эмес, соода жүгүртүү тажрыйбасы болуш керек” деп өзгөртүп салды. Бул мыйзамсыз.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бул дооматтарды четке кагып келүүдө.
Мал-жандыкты идентификациялоо үчүн жандыктардын кулагына тагылуучу бирка даярдоо боюнча тендер быйыл 17-мартта, 26-апрелде жарыяланып, бирок токтотулган. Акыркы жолу тендер 5-августта жарыяланган. Жыйынтыгында “New star” компаниясы утуп чыккан.(ZKo)