Таанымал акын Карабалас Бакировдун чыгармачыл кечеси 21-сентябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу кечени уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунан кабарлашты. Анда акындын ырлары окулуп, анын сөзүнө жазылган ырлар ырдалат.
Карбалас Бакиров Жалал-Абад облусунун Токтогул районунада туулган. Анын “Адашкан кентавр”, “Коргондогулар жана чексиздик”, “Көкүлчөн кыялдар” сыяктуу ыр жыйнактары бар. (BkA)