Саха театрынын жылдызы жанган спектакли

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында койгон Саха театрынын якут тилиндеги спектакли жергиликтүү көрүүчүлөргө орус тилинде синхрондук котормо менен тартууланды.

Саха театрында Кириск аттуу баланын  жалпы адамзаттан ар бир элдин түпкүлүгүн, каада-салтын сактоону, жаратылышты коргоону, анын ичинде бир тамчы суунун баркын билүүнү суранып келатканына быйыл отуз жылдан ашты. 
 

Адистер спектаклде легенданын өзүндөгү дүйнөнүн, жердин жаралышы, адамзат тагдыры тууралуу философиялык ойлор, сахнада деңиздин толкуну, балыкчылар түшкөн кайык мыкты режиссерлук жана сүрөткерлик табылгалар менен шөкөттөлүп берилгенин айтып келишет. 
 

Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлоп жорткон Ала Дөбөт" повестиндеги уламыштан алынып даярдалган "Көздөн учкан көк жээк" спектаклин якут режиссеру Андрей Борисов 1982-жылы өзүнүн дипломдук иши катары даярдап, көрүүчүлөргө тартуулаган. 

Бет ачары болору менен жылдызы жанган спектакль андан кийин далай Эл аралык жана Бүткүл союздук, Орусиялык кароо-сынактарга катышып лауреаттыкты алган.  

Кирискдин образын жараткан Саха театрынын жаш актеру Роман Дорофеев.

 Мылгун менен Эмрайиндин ролун Орусиянын эмгек сиңирген артисттери Иннокентий Луковцов, Петр Садовников ойноду.
 

Театрдын боордош өлкөлөргө болгон чыгармачылык жүрүшү Саха театрынын  түзүлгөнүнүн 110 жылдыгына карата өтүп жатат.  

Саха театрынын гастролдук туру Бишкектен кийин  Алматы, Астана, Казан, Уфага уланып, Москвада жыйынтыкталат.
 

Мылгундун образында Орусиянын эмгек сиңирген артисти Иннокентий Лукевцов. 
 

Орган карыянын ролун аткарган Орусиянын эл артисти Евим Степанов.

Саха театры Кыргызстанга буга чейин акыркы жолу 1987-жылы “Айтматов жана театр” фестивалында келген.

Саха театрынын Бишкекке болгон чыгармачылык жүрүшү 18-октябрда жыйынтыкталат.  
 

Кино режиссер, депутат Садык Шер-Нияз  пьеса Айтматовдун легендасындагы  жаңы өзөктү  - жалпы адамзат бир кемеде экенин тапканы менен баалуу деди.
 

 
Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев бул пьесаны Саха театрынан башка да бир нече театрлар коюп көргөнүн, бирок алар мынчалык деңгээлде таасирдүү болбогонун белгиледи. 
 

Саха-Якутия республикасынын Саха театры Кыргызстандагы гастролдук сапарын Чыңгыз Айтматовдун "Көздөн учкан көк жээк" спектакли менен баштады.