“Атанын керээзи” кыйынчылыктарга туруштук берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эл аралык Монреал киносынагында “Алтын карек” баш байгесин утуп алган “Атанын керээзи” көркөм тасмасы Кыргызстандын атынан Оскар сыйлыгына жиберилди. Октябрь-ноябрь айларында ал Азия тасмаларынын Лос-Анжелес кинофестивалына, КМШ мамлекеттеринин Минскиде өтө турган “Листопад” кинофестивалына катышканы жатат. Эмгек мигранттарынын тагдырын чагылдыруу аркылуу эл аралык деңгээлге чыккан дебют - тасма тууралуу аны жаратуучулар өздөрү эмне дешет? Кинотасманын режиссерлору Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу менен “Азаттык” сыябан-маек курду.