Саха театры Айтматовдун чыгармасын Бишкекте койду

Театр.

Саха театры Улуттук Кыргыз драма театрында Чыңгыз Айтматовдун "Көздөн учкан көк жээк" спектаклин койду. Бул Платон Ойунский атындагы Якут театрынын түзүлгөнүнүн 110 жылдыгына карата өтүүдө.

Якут театрынын Бишкекке гастролдук сапары 18-октябрга чейин уланып, анда Айтматовдун "Көздөн учкан көк жээк", Уильям Шекспирдин “Тит Андроник” трагедиялуу пьесасы жана якут жазуучусу Никалай Лугиновдун “Хундардын повести” чыгармалары көрөрмандарга тартууланат.

Саха театрынын чыгармачыл сапары андан ары Алматы, Астана, Казан, Уфада уланып, Москвада жыйынтыкталат.(ZA)