Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде күчү үч баллга жеткен зилзала катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта катталды. Бул айылдарда зилзаланын күчү 2,5 балл болуп сезилди.

Кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген жок.(BkA)