Черногориядагы шайлоодо башкаруучу партия алдыда

Шайлоо учурунан.

Өкмөт башчы Мило Жукановичтин Демократиялык партиясы алдын ала жыйынтыктар боюнча алдыда келатат. Экзитполдун жыйынтыгы боюнча аталган партия шайлоочулардын 41% добушуна ээ. Андан кийин Орусия колдогон оппозициялык “Демократиялык фронт” партиясы 20% добуш менен келе жатат. Үчүнчү орунда дагы бир оппозициялык “Ключ” коалициясы 11% добушка ээ болгон. Жалпысынан 16-октябрдагы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 73% катышканы маалымдалууда.

Добуш берүү жалпысынан тынч өттү. Ошол эле убакта байкоочулар ар түрдүү мыйзам бузуулар болгонун кабарлашты.

Көп өтпөй полиция сербиялык 20 тургун кармалганын, алар башаламандык кылуу максатын көздөшкөнүн маалымдады.