Эрдоган Сириядагы операциянын жаңы баскычы башталганын билдирди

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Сирия түндүгүндөгү террорчуларга каршы операциянын жаңы баскычы башталганын жарыялады. Анын алкагында, түрк күчтөрү Алеппо аймагындагы Дабик шаарын көздөй чабуулга өтүшөт.

Эрдогандын бул билдирүүсү Швейцарияда Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатканда жасалды. АКШ, Орусия жана бир катар Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан жолугушуу ишемби күнү жыйынтыксыз аяктаган эле.

Ошол эле учурда Сириянын Алеппо шаарындагы чыгыш райондору үчүн айыгышкан салгылаш жүрүүдө. Орус учактарынын көмөгү менен президент Башар Асаддын армиясы Куралдуу оппозициянын күчтөрүнө сокку урууда.