Бишкекте АКШнын FLEX программасынын сынактары башталды

Бишкек гуманитардык университетинде FLEX программасына кабыл алууга барган окуучулар.

Бүгүн Бишкек гуманитардык университетинде Америка Кошмо Штаттарынын окуучуларга колдоо көрсөтүүчү FLEX программасы боюнча кабыл алуучу сынактардын биринчи туру башталды. Ага жүздөгөн мектеп окуучулары тапшырууда. Сынак үч айлампадан туруп, алгачкысында жаштар англис тилин билүү деңгээлинен ат салышат. Ошондой эле ушул айда аймактарда да сынактар болмокчу. Аталган программаны Американын Мамлекеттик департаменти каржылап, аны жеңген мектеп окуучулары бир жыл АКШдагы үй-бүлөлөрдө билим алып келишет. Ага орто мектептин 8-классынан өйдө бардык окуучулар катыша алат. (BCh)