Эрмек Өмүралиев кызматынан бошотулду

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Эрмек Өмүралиев кызматынан өз арызына байланыштуу бошотулду. Бул тууралуу жардыкка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Премьер-министрдин ушундай эле жардыгы менен 14-октябрда Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Рафик Мамбеталиев да кызматынан бошотулду. Анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп Сейитбек Эрматов дайындалды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)