Жусуп Баласагындын миң жылдыгынан көз ирмем

Иш-чара улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын доору тууралуу театралдык оюн-зоок менен коштолду.  ​

Эски шаар чалдыбарынын бир тарабында энто шаар уюштурулуп, уздар узанып турду. 

ТҮРКСОЙ уюму тарабынан  түрк дүйнөсүндө 2016-жыл - Жусуп Баласагын жылы деп жарыяланган. 

Баласагын жылы расмий түрдө 2016-жылы февраль айында Стамбулда Кыргызстандын маданият министринин катышуусу менен ачылган.  

Буранадагы иш-чарага катышкан ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун баш катчысынын жардамчысы Фырат Пурташ Кыргызстанда бул иш-чара менен улуу даанышманды эскерүү жылы жыйынтыкталып жатканын айтты.

Баласагын жылы боюнча буга чейин Алматыдагы Аль-Фараби университетинде жогорку деңгээлде илимий иш-чара өткөрүлүп, ал бүтүндөй түрк дүйнөсүндө: Македонияда, Түркиянын окуу жайларында уланган.  

Жусуп Баласагынга жолугуу үчүн кербен менен дүйнөнүн ар кайсы бурчунан аалымдар келип турганы баяндалат. 

Сахнада даанышмандык менен өкүмдарлыктын, адилеттик менен кара күчтүн атаандаштыгы, бирок сөз баалаган, акыл токтоткон ошол доордогу коомдо кеменгерликтин бааланышы, батыш менен чыгышты байланыштырган кербендердин жүрүшү тартууланды. 

Оюн-зооко жергиликтүү тургундардан 100 ат алынып, мергенчилер тайгандары, алгыр куштары менен катышты. 

Баласагын шаары аркылуу өткөн кербендер

Иш-чарага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз катышты. 

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов мааракенин катышуучуларына президенттин куттуктоосун окуп берип жатып, мамлекет башчысы өкмөткө жогорку окуу жайлардын алдыңкы студенттерине Жусуп Баласагын атындагы стипендия уюштурууну сунуштаганын маалымдады.

Иш-чара быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында өттү. 

Жусуп Баласагын Кыргызстандын Токмок шаарынын түштүк-батыш тарабындагы даңазалуу Баласагын шаарында 1015-16-жылдар аралыгында туулган деп болжолдонот.
 

Бул оюн-зоокко режиссерлук кылган Эгемберди Чалабаев мындан он кылым мурдагы шаар турмушун чагылдырууга миңге чукул актер катышканын айтты.