Түндүк Осетиядагы жол кырсыктан Армениянын беш жараны мерт кетти

Кырсык Беслан шаарынан алты чакырым алыс жерде болгон.

Орусиянын Түндүк Осетия аймагында 14-сентябрдын таңында болгон жол кырсыктан беш адам мерт кетип, жыйырмадан ашууну ар кандай деңгээлдеги жараат алышты. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы башкармалыгы билдирди.

45 жүргүнүчүсү бар Москвадан Ереванды көздөй бараткан автобус Владикавказ-Беслан жолунун сегизинчи чакырымында жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп кеткен.

Армениянын президенти Серж Саркисян өкмөткө жана Армениянын Орусиядагы элчилигине кырсыкка дуушар болгондорго ыкчам жардам көрсөтүүнү тапшырды. Ал ошондой эле мерт кеткендердин жакындарына көңүл айтты.

Ушу тапта кырсыктын себептери такталууда.