Таласта кар жаады

Кыргызгидромет агенттиги ушул күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин төмөндөп, жамгыр карга айланарын эскерткен. Дыйканчылык аймактарда температура -3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. 

 

Сууган аба ырайына байланыштуу Бишкекте 14-октябрда жылуулук берилет. Мэр Албек Ибраимов тийиштүү мекемелерге калаадагы үйлөрдү жана мекемелерди жылуулук менен камсыздоону тапшырган. Мындай чечим аба ырайы 14-октябрдан тарта төмөндөшүнө байланыштуу кабыл алынган болчу.

Эреже боюнча, алгач мектеп жана балдар бакчалары, ооруканалар жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Андан соң кабаттуу үйлөр, өндүрүш ишканалары, кеңселер жылуулук менен камсыздалат. Былтыр жылуулук борбор калаага 20-октябрда берилген.