Казак министрине коюлган доо чуу жаратууда

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы.

Казакстанда Театр ишмерлер бирлигинин мүчөлөрү уюмдун төрагасы Тунгышбай Жаманкуловдун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Аны кесиптештери министрден сексуалдык ыдык көргөнүн айтып, интернетте видеобилдирүү жасаган жаш актрисаны колдогону үчүн айыптап жатышат.

Өткөн аптада Искусство академиясынын бүтүрүүчүсү Енлик Сыдыкова Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы академиянын ректору болуп турганда андан пара талап кылып, сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып чыккан.

Ал тасма учурда интернетте кызуу талкууланууда.

Кесиптештеринин сынына кабылган Тунгышбай Жаманкулов өзүнө айтылгандын баарын туура кабыл алганын, бирок негизги себеп кызмат талашта экенин билдирүүдө.

Ал арада мурда министрден ыдык көргөнүн дагы бир казакстандык келин айтып чыкты. Мухамедиулы аларды сотко бермей болууда.