Жогорку сот парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун үстүнөн Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Айнура Токтошева “Азаттык” радиосуна билдирди.
Быйыл 11-мартта шаардык сот Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча аны жарым-жартылай айыптуу деп таап, 10 миллион сом айыппул төлөөгө милдеттендирген эле. Экс-спикер Жогорку сотко кайрылган.
Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков салык кызматын жана парламентти жетектеген кезде кетирген кемчиликтери боюнча коюлган айыптоолор тергөөдө далилденгенин айтып, аны 10 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.