Ош: короодогу жүзүмзар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Өзбекстан чек арасы жабык болгондуктан, бир нече жылдан бери Кыргызстанга жашылча, мөмө-жемиштер көп келбей калган. Ошол себептүү жергиликтүү эл арасында коон, дарбыз, кулпунай, гилас жана анар өстүргөндөр көбөйгөн. Маселен, Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылындагы Абдунасыр Нышанов муктаждыктан улам алты сотых короосун жүзүм бакка айлантып алган. Анын чакан багында 17 түрлүү жүзүм бар.