Эрте турмуш курган кыздардын саны боюнча Кыргызстан 59-орунда

Save the Children (Балдарды коргоо) уюмунун билдиришинче, дүйнөдө 700 миллион кыз 18 жашка чыга электе мажбурлоо жолу менен турмуш курат.

Уюм докладында БУУнун Балдар Фондусунун (ЮНИСЕФ) статистикасына таянып, 2050-жылы мажбурлоо менен күйөөгө чыккан кыздардын саны 1,2 миллиардга жетиши мүмкүн экенин маалымдады.

Эл аралык секелектердин күнүнө карата “Ар бир кыз” деп жазылган бул докладда кыздардын эрте турмушка чыгуусу алдардын билим алуусуна, иш табуусуна жолтоо болуп, жакырчылыкка түртүп жатканы айтылат.

“Эрте нике - жакырчылыктын башаты. Ал кыздарды окуу, өз алдынча өнүгүү жана бала бойдон калуу укугунан ажыратууда” деп билдирди Save the Children уюмунун аткаруучу директору Сюзанна Крюгер.

Аталган иликтөө дүйнөнүн 144 өлкөсүн камтыйт. Кыргызстан бул тизмеде 59, Тажикстан 57, Казакстан 30-орунда турат.

Докладда секелектерге жаман мамиле Африка өлкөлөрүндө, айрыкча Сахара чөлүнүн түштүгүндө орун алганы, ал эми жашы жете электе кош бойлуу болгон кыздар АКШ, Британия жана Германияда катталганы айтылган. (ST)