Төлөкан Исмаилова Аскаровду үйгө чыгарууну өтүндү

Азимжан Аскаров.

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова июнь коогасына айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровду үйгө чыгарууну өтүндү. Мындай пикирин бүгүн Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу жараянында билдирди. Исмаилова бул сунушун Аскаровдун жашы 60тан өтүп, ден-соолугу начарлап калганы менен түшүндүрдү.

Исмаилованын айтымында, сот БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин орундатышы керек болчу. Комитет Аскаровдун конституциялык укуктарын калыбына келтирүү боюнча токтом кылган.

Адвокат Валериян Вахитов Аскаровдун өмүр бою камалгандардын кийимин кийип жүргөнүн адам намысын тебелөө катары сыпаттап, сот жараяны жүрүп жаткандыктан, аны кармоо шарттарын өзгөртүүнү суранды.

Сот бул сунуштарды ачык калтырды. "Соттук отурумдун жүрүшүндө бул маселени да карайбыз, азырынча ачык бойдон калтырабыз", - деди сот.

Аскаровдун иши боюнча сот жараянында бүгүн жабырлануучулар, күбөлөр жана айыпталуучу көрсөтмө берип, андан соң тараптар жарыш сөзгө чыгышат.

Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча сот бир апта мурун Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде башталган. Ал 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин камалган.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган. (SE)