Орусия Сирияда туруктуу аскердик база орнотот

Сириянын Хмеймим авиабазасындагы орусиялык аскерлер

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын Тартус портундагы кемелерди камсыздоо пунктун туруктуу аскердик базага айлантууну көздөөдө. Министрдин орун басары Николай Панков парламенттин жогорку палатасы – Федерация кеңешинде сүйлөп, тиешелүү документтер даярдалып жатканын айтты. Буга чейин Орусия менен Сирия Латакия провинциясындагы Хмеймим авиабазасына орусиялык согуш учактарын жайгаштыруу тууралуу макулдашышкан. Документ Мамлекеттик Дума тарабынан ратифиакацияланып, учурда аны Федерациялар кеңеши карап жатат. Иш жүзүндө учактар өткөн сентябрдан бери президент Башар Асаддын каршылаштарына сокку уруу операциясына катышып келатат.

Өткөн жылдын декабрында президент Владимир Путин Сирияда аскердик базаны түзүү канчалык керек деген суроо койгон.

Орусия ошондой эле Вьетнам жана Кубада советтик базалар калыбына келтирилээрин буга чейин айткан.

Бүгүн "Известия" гезити Москва менен Каир Египеттеги айрым аскердик жайларды Орусия тараптан ижарага алуу тууралуу сүйлөшүп жатканын жазды.