Украина бийлиги КМШдан чыгуу маселесин карап жатат

Павел Климкин

Украина бийлиги Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунан чыгуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу жекшембиде тышкы иштер министри Павел Климкин билдирди.

Ал “112-Украина” телеканалында сүйлөп жатып, Орусия менен Украина ортосундагы экономикалык кызматташтык мурунку деңгээлге эч качан чыкпай турганын белгиледи. Анын айтымында, Донбасста согуш башталганга чейин Орусия менен товар айлануу 37 пайыз болсо, азыр 5 пайыздын гана тегерегинде.

Киев КМШдан чыгуу боюнча алгач 2014-жылы билдирген. Бирок экономикалык байланыштарды үзүү боюнча кескин чечим кабыл алуу мүмкүн эместиги айтылган эле. (SE)