Акын Айгүл Узакованын ысымы Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы көчөгө ыйгарылды. Ачылуу салтанатына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, адабиятчылар жана акындын күйөрмандары катышып, эскеришти.
Айгүл Узакова Бостери айылында 1951-жылы төрөлгөн. Студент кезинен чыгармачылык менен алектенип, “Учкун”, “Темир канат” альманахтарына, гезит-журналдарга ырлары чыгып турган. 1977-жылы жаш акындардын «Ала-Too поэзиясы» фестивалынын лауреаты, 1978-жылы Бүткүл сюздук жаш акындардын Полтавада өткөн X фестивалына катышкан. Узакованын бир топ ырларына музыка жазылган. Айрым ырлары орус, украин, тажик тилдерине которулган. 1990-жылы Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Акын Айгүл Узакова 2014-жылы 63 жашында каза болгон.