Армяндардын кыйраган мурасы

Арменияны Түркиядан бөлүп турган Дев Рипсиме монастыры "1001 чиркөөнүн шаары" деп аталган Анинин бузулуп бараткан бир бөлүгүнө кирет.
 

Анинин борбордук собору. Миңдеген жылдар мурда негизделип, дайыма талашка түшүп келген комплекс Ани шаары Орусиянын, Осмон империясынын, Армениянын, 1920-жылы кайра түзүлгөн Түрк Республикасынын кармагына өтүп турганына күбө болгон. Ани бир нече жыл мурда ээн калса дагы, армяндардын мурдагы атак-даңкына күбө болгону менен баалуу. 


 

Анидеги Абугамренц - Ыйык Григорий чиркөөсү. 1998-жылы чиркөөнүн ичиндеги күмбөз тазаланып жана талкаланган.

Армения (солдо) менен Түркиянын ортосундагы Кизикале чиркөөсүнүн урандылары. 1914-жылы 2 миллиондой армян азыркы Түркиянын чыгыш тарабында, ошол кездеги Осмон империясында жашаган. 1922-жылы Осмон империясындагы армяндардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик куугунтук башталганда өлгөн жана сыртка качышкан.
 

Анидеги падышалар мавзолейинин урандылары. Жүз жылдан ашуун мурда Осмон империясы алсырап, христиан дининдеги армяндар бул диндеги Орусияга болушкан "бешинчи колонна" катары карала баштаган.

 

Анини аскердик зона катары жарыялаган эски белги. Учурда чек аранын түрк тарабы аскерлерден тазаланган, бирок Анинин айрым райондоруна кирүүгө тыюу салынган.

Түркия менен Арменияны бөлгөн капчыгай. 1915-жылы депортация кылуу буйругунан кийин Түркиянын чыгыш тарабында армяндарды куугунтуктоо жана массалык өлтүрүүлөр башталган.

 

Караңгы киргенжен кийин армяндардын чек ара бекети менен кошо Анидеги Ыйык Григорий Тигран Хоненц чиркөөсүнүн да оту күйөт. Армян-түрк чек арасы 1993-жылдан бери жабык. Анкара Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабактагы аймактык талашынан кийин дипломатиялык мамилени үзүп койгон.


 

Ыйык Григорий Хоненц чиркөөсүнүн ички көрүнүшү. Көпчүлүк фрескалар таптакыр кырылып, тазалаган. ЮНЕСКО өз карамагына алгандан кийин Аниге зыян келтирүү токтошу мүмкүн. Бирок Аниге жакын жердеги армян мурастары Түркия мамлекетинин карамагында, ал эми мамлекет армяндар тууралуу таптакыр унуткусу келгендей. 

 

Түркиянын чыгыш тарабын 1915-жылдагы массалык өлтүрүү менен коштолгон депортацияга чейин армян коомчулугу байырлап турган. Миллионго жакын этникалык армяндын өлтүрүлүшүн Ереван жана башкалар "20-кылымдагы биринчи геноцид" катары баалап келишет.


 

Карс - Аниден бир саат алыстыкта жайгашкан шаар. Бир кезде анын 85% армяндар ээлеп турган. Бүгүнкү күндө жергиликтүү жашоочулардын көбү урандыга арасындагы "Армян мүрзөсү" тууралуу билгиси келгени байкалат.
 

Бул жердин көбүндө таш эстеликтердин кулап жатканын көрүүгө болот. Байыркы мүрзөлөрдүн көбү "байлык издегендер" тарабынан казылгандай.
 

Карстагы бул үйдө армян акыны Егише Чаренц жашаган.

 

Карстын борбордук собору (оңдон ылдый жакта) 1915-жылга чейин армяндардын жери болгон. 1993-жылы ал мечитке айландырылган.

Козлуца кыштагындагы Багнаир монастырынын бөлүгү болгон сыйынуучу жай. Ал Аниден бир нече километр алыстыкта жайгашкан. Армян курулуштарында "армян" деген сөз жазылган эмес.

Козлуцадагы бузулган монастырдын ордундагы Хачкар. Хачкар- армяндардын таштан жасалган айкели. Адатта буларды ыйык жерлерге коюшат.

 

Ягкесен айылындагы Кизил Килисе чиркөөсү. Аниден бир нече километр алыс жайгашкан бул жер 1920-жылга чейин армяндардыкы болгон.

 

Кизил Килис чиркөөсүндөгү буюмдар. Байыркы курулуш азыр кушканага айланган. 

Чиркөөгө байланган дөбөт азыр тирүү гаргулянын милдетин аткарып жаткандай.

Анинин тегерегиндеги адырлар, айтылуу Нук пайгамбардын кайыгы токтогон Арарат тоосу. Арарат Армениянын гербинде тартылган, бирок ал бүгүн Түркиянын чегинде турат.

 

Огузлудагы чиркөө Аниден 16 километрдей аралыкта жайгашкан. Храмдын имараты 1936-жылга чейин бүтүн туруп, жер титирөө айынан кыйраганы айтылып келет.

 

Огузлунун жергиликтүү жашоочусу хачкарды көргөзүүдө. Айыл тургундары айылдагы үйлөрдүн пайдубалынан эки хачкарды тапканын айтышат. 2010-жылы ноябрда хачкарлар ЮНЕСКОнун тизмесине кирген.

 

2016-жылы июль айында байыркы армян шаары Ани ЮНЕСКОнун Бүткүл Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди. Ани Түркиянын чыгышында жайгашкан. Осмон империясынын тушунда ата-бабасы "20-кылымдын биринчи геноцидине кабылган" деп эсептеген армяндар үчүн бул тизме азыноолак коргоо жана кымбат белек. Бирок Түркиядагы бул армян маданияты азыр жоголуп кетүү коркунучунда. (RFE/RL'S ФОТОБЛОГ, фотограф - Амос Чаппл)