Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 10-октябрда Ысык-Көл облусунда жана тоолуу райондордо бир аз жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ыссык-Көл ойдуңунда 14 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22,
Талас жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27,
Баткен облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +16...+21 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн абанын табы +4...+6, күндүз +18...+20 ысыйт.