Коомдук транспортторго элди сак болууга чакырган баракчалар илинүүдө

14-троллейбуска илинген маалымдама. 8-октябрь, 2016-жыл.

Бишкектеги коомдук транспортторго элди террорчулардан сак болууга үндөгөн баракчалар илинип жатат. Шаардык милициянын Онунчу башкармалыгынын атынан жазылган маалымдамада адамдар көчөдөгү, эл көп чогулган жерлердеги, автоунаалардагы жана подеъзддердеги шектүү буюмдардан этият болуусу зарыл экени жазылган. Андан тышкары, жардыруучу заттар орнотулушу мүмкүн болгон мекемелердин тизмеси көрсөтүлгөн. Шектүү буюмдарды байкагандар кайсы телефон номурларга кайрылышы керектиги да жазылган.

Ички иштер башкармалыгы бул маалымдамалар эмне үчүн чапталып жатканы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Былтыр ушундай ыкманы Өзбекстан бийлиги колдонуп, метро, автобус жана башка транспортторго баракчалар чапталган. (SE)