Орусия БУУ Коопсуздук Кеңешинин Сирия боюнча резолюциясына вето койду

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин курчоодо калган Алеппо шаарына абадан сокку урууларды токтотуу боюнча эки резолюциясына Орусия вето койду. 8-октябрда вето коюлган документтер Франция жана Испания сунуштаган долбоорлор болчу.

Ал эми Орусиянын учууларга тыюу салбоо боюнча тынчтык долбоору БУУ Коопсуздук Кеңешинде колдоо таппады. Аны кеңешке мүчө 15 мамлекеттин төртөө колдоп, тогузу каршы болду. Эки өлкө бейтарап турумду кармады.

19-сентябрда АКШ жана Орусиянын тынчтык келишими бузулгандан бери Алеппо шаарында Орусия менен Сириянын аба күчтөрү урган соккудан жүздөгөн кишилер набыт кетти.

Вашингтон жайкын тургундардын өлүмү үчүн Москва менен Дамаскты күнөөлөп жатат.