Боз адырды бакка айландырган багбан

Бадам

Маданбек багбан: "Пенсияга чыгып, ушул жерге бак өстүрө баштадым. Айыл өкмөттөн ижарага алып, дарактардын уруктарын сээп, калемчелерди отургуздум".

Гүлдөгөн бадам

"Адамдар отун деп токойдогу дарактарды уурдап кыйып жаткандарын көрүп, жүрөгүм ооруйт. Өздөрү бир түп дарак эгишпейт да кудайдын берген белеги дешип токойго жырткычтык мамиле жасайт. Дарактар да тирүү экенин ойлоп да коюшпайт".

Көчөттөр

Багбан Маданбек Кадыров

Багбан жашаган кепенин ичи

Азыркы заман "колуңардан келсе, өзүңөрдү өзүңөр баккыла" деп мүмкүнчүлүк берип койбодубу. Изденүү гана керек. Көбү “Маданбек аке курук келтекти сайып койсо деле көктөй берет” деп айтат.

Бадам

Багбан: "Дарак отургузуу үчүн “дарак жиндиси” болуш керек. Бош жаткан жерлерге дарак отургузса, элге эле жакшы болмок. Отун, мөмө-жемиш менен камсыз болмок. Жылда жазында жаан жааганда сел жүрөт, бак-дарак селден да сактамак".

Айбан сары

Капкан

"Көчөттү эгүүнүн алдында чуңкурду нормалдуу казыш керек. Мен чуңкур казып жатканда ошол жердин бетин бир кетменден жогору жагын алып, өзүнчө таштайм, себеби жердин үстүнкү бети күчтүү болот. Чуңкурду казып бүткөндөн кийин көчөттү отургузуп, алиги топуракты көчөттүн алдына, айланасына бирдей кынапта жаям".

Азыркы заман "колуңардан келсе, өзүңөрдү өзүңөр баккыла" деп мүмкүнчүлүк берип койбодубу. Изденүү гана керек. Көбү “Маданбек аке курук келтекти сайып койсо деле көктөй берет” деп айтат.

Багбан, Нурмамат ажы, Зайыр ажы

Суу куюлган желим бөтөлкөлөрдү куржундун эки көзүнө толтуруп, эшегине артып алып, ээрге конгон бир карыя Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Тандоо кыштагынан бозомук тарткан адырларга карай күндө өрдөп жөнөйт. Бул карыянын бир гана максаты - бозомук адырга тиккен бак-дарактарын сактоо жана өстүрүү. Карыянын аты-жөнү Маданбек Кадыров, быйыл 81 жашта.