The Wall Street Journal: Германия Орусияга каршы санкция киргизиши ыктымал

Сирия.

Германия Сириядагы аракеттеринен улам Орусияга каршы санкция киргизүүнү караштырууда. Бул тууралуу немис саясатчыларына жакын адамдарга шилтеме берип The Wall Street Journal басылмасы жазды. Германия тышкы иштер министрлигинин өкүлү мындай сунуш кимден түшкөнүн билбесин айтса, канцлер Ангела Меркелдин кеңсеси комментарийлерден баш тартты. Ошол эле маалда гезит Европада Орусиянын Сириядагы аракеттерине иренжүү пайда болгонун жазат.

Ал тапта шаршембиде сириялык аскерлер Алеппонун чыгыш тарабын бомбалоону азайтышканын билдиришти. Орусия авиациясынын катышуусундагы аба соккулары бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип, эл аралык коомчулуктун нааразылыгын жараткан.