Тбилисиде депутаттын машинасы жарылды

Тблиси

Тблисиде кечээ оппозициядагы депутаттын машинасы жарылды. Болжол менен ага бомба коюлган. Жанынан өтүп бараткан беш киши жараланды. Окуя парламенттик шайлоонун алдында болуп отурат. Кабарларга караганда, Бирдиктүү Улуттук кыймылдын депутаты Гиви Таргамадзе ошол маалда айдоочусунун жанында отурган. Бирок экөө тең жабыркаган жок. Жарадар болгондордун экөө ооруканага жеткирилди. Бирдиктүү Улуттук кыймыл Грузиядагы эң ири оппозициялык партия.

2-октябрда Гори шаарында көз карандысыз талапкер, мурдагы коргоо министри Ираклий Окруашвили ачык асман алдында шайлоочулар менен жолугушуп жаткан кезде белгисиз бирөөлөр ок чыгарып, эки киши жарадар болгон. Парламенттик шайлоо 8-октябрга белгиленген.